Posted On: September 30th 2026, 04:56 am
🏡 8 ай мурун биздин эң чоң кыялдарыбыздын бири орундалган…
Үйүбүздү алганыбызга 8 ай болуп калды. Башында Инстаграмга дароо бөлүшпөй, бул кубанычты өзүбүздүн үй-бүлөбүздүн ичинде сактап жүргүм келген. 🤍
Бүгүн болсо, жүрөгүмдөгү өзгөчө сезим менен бөлүшкүм келди. Бул үйдө ар бир күнүбүз өзүнчө бир бакыт. Өзүбүзгө таандык, тынч, жайлуу жана эң негизгиси — сүйүүбүз бар үй. 🥹🏡
Бул үйдө ушунчалык комфорттуу жашап жатканыбыздын артында жолдошумдун чоң мээнети, эмгеги жана үй-бүлөсү үчүн кылган аракеттери турат. 🤍
Ар бир чарчы метринде анын эмгеги, биздин кыялдарыбыз жана үй-бүлөлүк бактылуу күндөрүбүз бар.
Кээ бир кыялдар дароо эмес, убакыт менен орундалат. Эң башкысы — аракет кылып, бири-бириңди колдоп, ошол күндү күтүү. Ал эми бүгүн биз ошол кыялдын ичинде жашап жатабыз — жолдошумдун эмгегине, үй-бүлөбүздүн ынтымагына жана Жаратканга чексиз шүгүр кылабыз. 🤍🏡
Load More