Instagram story viewer> @baianamanat> Posts
3K
followers
581
following
Жүрөктөн жазам, жасайм 📍 Мюнхен DE
🇩🇪 немисче үйрөтөм (А1 - B2)
📚 китептер, жеке өнүгүү жана менин жолум
Немис тили курстарына жазылуу үчүн⬇️
POSTS STORIES REELS TAGGED
Видеодо мен өз тажрыйбамдан алынган кеңештерди айттым.
Немис тилин өз алдынча же мугалим менен үйрөнүп жаткандар үчүн абдан пайдалуу болот деп  ойлойм💬

Видеодо айтылган Ютубдагы сериалдар:
🎬 Mein Weg nach Deutschland

🎬 Nicos Weg 

💡 Эгер сен да немис тилин үйрөнүп баштаган болсоң мага катталып ал, мен алдыда ушул темада көп пайдалуу маалыматтарды чыгарам! taken in BMW Welt | BMW Museum by @baianamanat
37
a year ago
Download
эчтен кеч болсун деп тренд тартканбыз😁 by @baianamanat
14
6 days ago
Download
Күздүн салкын илеби менен келген ойлордон үзүндүлөр… by @baianamanat
5
9 days ago
Download
- Аттиң, ошол мүмкүнчүлүк мага кайра келсе да мен ага макул боло калсам. Анда жашоом такыр башкача болбойт беле?! Азыр бактым толук, телегейим тегиз болуп отурмакмын… 
Эххх. Ошондо азыркы мээм болгондо. Кызык мен ага «ооба» десем азыр жашоом кандай болот эле? Ыйлабасам керек эле. Азыркыдай ичимди ит тырмап, жан дүйнөм жараланмак эместир. 

- Балким. Сеники туурадыр. Чын эле ошондо башкача жооп айтсаң, бир аз чечкиндүүрөөк болсоң, бир аз жоопкерчиликтүүрөөк болсоң азыр жашооң башкача болмоктур. А балким таптакыр андай болмок эместир. Сен ал жолду тандаганда деле өкүнүчүң арбын, өкүтүң күчтүү болмоктур. Ошол жоопту айтсаң деле азыркыдай эле абалыңда болмоктурсуң. Балким жашоонун маңызы жаңылып, ката кетирип, үйрөнүп, бирде жыгылып, бирде туруп жашоону үйрөнүүдөдүр. 
Сен көрөгөч, кеменгер деп билгендердин да “аттиңдери” бардыр. Жашоо башталгандан бүткүчө балким бул “аттиңдер” түгөнбөйттүр. Адамзаттын азабы “аттиңдердин” баарын жашап көргүсү келген ач көздүгүндө, а бактысы “аттиңдерден” сабак ала алган акылындадыр.
#bayanдын_баяндары #bayan_философ by @baianamanat
4
11 days ago
Download
Күз. Түркүн түстүү бариктер. 
Мюнхендин ботаникалык багында кыткылыктай күлүп, сөзүбүз түгөнбөгөн Диана экөөбүз. Мезгил зымырап бир күнү бул ирмемдер да эстелик болуп калат. Чын дилден күлүп, чын жүрөктөн сүйүнгөн тогуздун айынын төртү бул жакта сакталып калсын🤍 by @baianamanat
27
12 days ago
Download
Жүрөгүм, дилим, кубанычым, дартым баары кыргызча🇰🇬 by @baianamanat
20
24 days ago
Download
Алтын апаларыбыз дагы кайсы сөздөрдү айтышат? Комментарийге жаза кетиңиздер❤️ by @baianamanat
44
2 months ago
Download
Hier rein, hier raus болбошу үчүн менин немис тили курстарыма келгиле😁

*Видеодо колдонулган мемдер эч бир адамды мазактоо максатында эмес, бул жөн гана тренд by @baianamanat
81
2 months ago
Download
Туулган жер - Мисир. Чет өлкөнүн асманындагы айы - алтын, көктөгү күнү -  күмүш болсо да адам баласы өзүнүн киндик кесип, кир жууган жерин ар дайым сагынары бышык. А мен тоолорго айрыкча куса болом. Арийне, буга башкы себеп менин тоолордун курчоосундагы чөйчөктөй тоолуу айылда чоңоюп, бой жеткеним болсо керек. Мен окуган окуу жай Бавариянын Розенхайм деген шаарында жайгашкан. Жол узак, анан калса таң куланөөк сала электе жолго чыгыш керек экенин билгенде такыр баргым келген жок. Антсе да айла канча? Акыры башты жерге салып, илкий баскан бойдон вокзалга жетип келдим. Поезд мына-мына деп сабак башталарына чукул жетип келгендиктен алды-артымды карабай чуркап араң жетиштим. Эми гана 6 сааттык окуу күнү аяктап, кайра вокзалга бет алдым. Вокзалга келип, поездге көз сала бергенимде  АЛАР көзүмө урунушту. Ооба, бул мен 1 ай ичинде сагынып жетишкен тоолор эле. Кара тоолор, жапыз тоолор, алыс тоолор, немис тоолору. Аты тааныш, заты бөлөк чоочун тоолор… 

Жээриген кишиге баары чоочун бойдон калат. Сен да акырына чейин өз болуп кете албайсың. Бирок ошол чоочундардын арасында өз ордун таап, ырыскысын чымчыкча терип жеп, өз насибин Европанын калааларынан издеп жүргөн миңдеген мекендеш жаштар бар. Тоолордун чоочундугуна, шаарлардын чоңдугуна, сыноонун оордугуна карабай кең келечек курууга бел байлаган жаштар. Чоочун тоолор арасындагы өз кишилерден алыскы Кыргызстанга жалындуу салам! 

2024-жыл, жетинин айы 
Муну улантып жазып, арасына чет жактагы мекендештердин окуясын кошуп бир очерк жазгым келип жүрөт. Бир аз интервью да алынган. Чет жактагы жашоо, мекенге болгон кусалык, көз караштын өзгөрүүсү боюнча ой бөлүшкүсү келгендер менен баарлашууга ачыкмын. by @baianamanat
8
2 months ago
Download
Келгиле ушул видеонун комментарийине болочок колуктуларга тойдо керек болчу нерселерди жаза кетебиз🥰 Ал эми тою жакында болчу кыздар бул видеону сактап алыңыздар🤍 Мен видеодо айткан үлпөт көйнөктөр салону - @weddingsalonkg by @baianamanat
34
3 months ago
Download
Үйдө өткөн кыз узатуудан видео-баяндын экинчи бөлүгү.

Жакшы тилек калтырган ар бир адамга ушундай жакшылык жугуштуу болсун🥰 by @baianamanat
33
3 months ago
Download
Жакшы ирмемдер жүрөктө, сүрөттө жана Инстаграмда сакталып калсын✨ by @baianamanat
21
3 months ago
Download

Download All

Save the photos and videos currently loaded on this page.

0Photos
0Videos
Ready to download 0 / 0

Keep this tab open until your download is ready.

back to up