Instagram story viewer> @adikostyle> Tagged
42.9K
followers
335
following
Вотсап группа
POSTS STORIES REELS TAGGED
🥋 Биз жөн гана бир залда машыккан адамдар эмеспиз.
Биз — бир командабыз, бир үй-бүлөбүз.
Жеңиште да, жеңилүүдө да, машыгууда да, жашоодо да бири-бирибизге колдоо көрсөтөбүз.
Бүгүн машыгуудан кийин чогулуп, бир дасторкондо аш жеп, жакшы маек куруп отурдук. ❤️
Спорт бизди бириктирди, ал эми достук жана биримдик бизди үй-бүлө кылды.
Бир зал. Бир команда. Бир үй-бүлө. 🥋🇰🇬
27
«Билим Инвест» долбоорун колдоп, балдарыбыздын билим алуусуна салым кошуп жаткан бардык берешен ага-эжелерибизге терең ыраазычылык билдиребиз! 🤲

Сиздердин колдооңуздар менен көптөгөн окуучулар жаңы окуу жылын жаңы, апакай мектеп формасы менен кубанычта башташты.

Ар бир балага жасалган жакшылык — келечекке кошулган чоң салым.
61
«Билим Инвест – 2026» долбоорунун алкагында Алай районунда жүргүзүлгөн иштер.

2026-жылы Алай районунун Гүлчө аймагында «Билим Инвест» долбоорунун алкагында фонд тарабынан 149 окуучуга кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.
51
Алайдын кыраан жигиттеринин арасында ажимания боюнча турнир уюштурулуп, баш байгеге шайтан араба коюлду. Турнирге 30га жакын бала катышып, алардын арасынан 10 жаштагы Талант 138 жолу аракет жасап, биринчи орунду ээлеп, баш байгеге ээ болду.

Баш байгеге коюлган шайтан арабаны Алай районунун жергиликтүү администрациясынын акимдин орун басары Болбур уулу Алтынбек тапшырды.

10 жаштагы Талантка мындан ары да окуусуна жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалайбыз!
45
Бүгүнкү  саякатыбыз Кичи-Көлгө болду 🔥
82
Биздин катарга кошулунуздар .
Ссылка профилде ⬆️
119
Воздухтарды белгилейбиз.
22
Көптөн күткөн Курман айт күнү келип, муктаждарга, майыптуулугу бар адамдарга жана мекемелерге эт таратылды. Демөөрчүлүк кылып, эт таратууга салым кошконуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! 🎉🥳💙🤗
21
“Мээримдүү тыйын” акциясынын алкагында уюштурулган тамак ашарга өзгөчө колдоо көрсөтүп, даамдуу аш менен жардам берген Ахнет чайканасы жайынын жетекчилигине жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздердин колдооңуздар биз үчүн абдан баалуу. Кайрымдуулук жолунда ар дайым алдыда жүргөнүңүздөр үчүн чоң рахмат. Бар болуңуздар, элиңиздерге кызмат кылып, жакшылыктын үлгүсү болуп жүрө бериңиздер!
34
“Мээримдүү тыйын” акциясынын алкагындагы тамак-аш жарманкесине демөөрчүлүк кылып, чоң салым кошкон Айназык айымга терең ыраазычылык айтабыз 😍🤝✊
31
back to up