Instagram story viewer> @kalpak_studio> Tagged
2K
followers
17
following
Мыкты сапаттагы калпактар
Сиз каалагандай өлчөмдө
100% таза кийизден тигилет
Капчыгыңызга ыңгайлуу баада
Буюртма берүү үчүн ссылканы басыңыз⬇️
POSTS STORIES REELS TAGGED
5-март – Ак калпак күнү!

Ак калпак — бул жөн гана баш кийим эмес, ал кыргыз элинин намысы, салты жана сыймыгы. Ак калпагыбыз ар дайым бийик болуп, элибиздин ынтымагы бекем болсун! 🇰🇬
28
Бүгүн, 9-июнда Улуттук тарых музейде ЮНЕСКОнун адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине “Ак-калпак жасоо өнөрү жана кийүү маданияты” киргендигин тастыктаган сертификатын расмий Одри Азуле айым тапшырды.

Одри Азуле айым  адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген  материалдык эмес маданий мурастардан атайын түзүлгөн көргөзмө менен таанышып, маданияттын мыкты үлгүлөрүн өз көзү менен көргөнүн кубануу менен белгиледи.

Салтанаттын аягында Одри Азуле айым “Көк бөрү”, ““Ак-калпак жасоо өнөрү жана кийип жүрүү маданияты” ”  жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” багыттарынын сертификаттарын расмий тапшырды. 

ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле айым катышкан салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Садык Шернияз ж.б. катышуусунда өттү.

Буюрса кеч күздө “Элечек” каралат 

#unesco #нкн #юнеско #kiyizduino #калпак
34
“Ак калпак жана улуттук кийим күнү” Ынтымак- 2 сейил багында белгиленди.

“Кийиз Дүйнө” коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштер департементи,  “Кап строй кей джи” курулуш компаниясы менен биргеликте 5- март Ак калпак жана улуттук кийим күнүн өткөрдү. 

Иш- чара улуттук кийимдерди кийген жарандардын жөө жүрүшү менен башталып, “калпак бийи” менен ачылды. 

Калпак бийинин койуучу режиссер  Зарылбек Молдобакиров, бийлегендер “Креатив Таалим” билим берүү мекемесинин окуучулары жана “Кап строй кей джи” курулуш компаниясынын кызматкерлери.

Майрамдын алкагында  Кыргызстанда биринчи жолу, “Кыргыз салттуу кийими” фестиалы өттү. 
Фестивалдын алкагында флеш моб “Калпак бийи”, “Кыргыз салттуу кийими” үй бүлөөлүк кийим топтомунун сынагын,  калпак тигүү, элечек ороо, ийик ийрүү, сайма саюу, өрүм өрүү боюнча мастер класстары да болду. 

Республикалык “Кыргыз салттуу кийими” үй-бүлөөлүк кийим топтомунун сынагына Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облусунан жана Бишкек шаарынан катышышты.

#аккалпак #калпак  #улуттуккийим
10
⠀
"Комуз" күнү менен куттуктайбыз!

Поздравляем всех с днем "Комуза"

#ТаңшыКомуз #ИграйКомуз #кийиз_дуйно #кийиздүйнө
@madaniyat_min_kg
____________________________
Муундан муунга
Из поколения в поколение
From Generation to generation
____________________________
KYRGYZSTAN, BISHKEK
Tel.:+996 708 32 62 64 (+WhatsApp)
E-mail.: kiyizduino@gmail.com
Instagram: @kiyizduino
Facebook: @kiyizduino
🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐🌐
#kiyizduino #кийиз_дүйнө #кийиздуйно #nomadlife #nomad #traditionalknowledge
#кыргызстан #бишкек #ош #чуй #талас #ыссыккол #нарын #жалалабад #баткен #тарых #каадасалт  #обычаи #маданият #мурас #кыргызтарыхы #кыргызмаданияты #history  #culture @madaniyat_min_kg
29
back to up