Instagram story viewer> @unicefkg> Posts
98.6K
followers
397
following
БУУнун Кыргызстандагы Балдар фонду
Детский фонд ООН в Кыргызстане 👧👦
Жумуш мүмкүнчүлүктөрү ⬇️
POSTS STORIES REELS TAGGED
📣 ЮНИСЕФ майыптыгы бар адамдарды коомго кошуу боюнча өнөктүк үчүн институционалдык консультациялык кызмат көрсөтүүгө тендер жарыялайт.
⠀
📅 Акыркы мөнөөт: 19-октябрь, саат 17:00гө чейин
⠀
🔗 Толук маалымат: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/tenders
⠀
***
⠀
📣 ЮНИСЕФ объявляет тендер на оказание институциональных консультационных услуг для кампании по инклюзии людей с инвалидностью.
⠀
📅 Дедлайн: 19 октября, 17.00
⠀
🔗 Подробная информация: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/tenders by @unicefkg
0
19 days ago
Download
👶 Ар бир бала жашоосу жакшы башталышына татыктуу, ал эми алгачкы жылдар анын өнүгүүсүндө негизги ролду ойнойт.
⠀
🔹 «Бала ырысы» жөлөкпулу үй-бүлөлөргө 3 жашка чыга элек балдардын ден соолугун жана бакубатчылыгын сактоого жардам берет.
⠀
✅ Биздин видеодон жөлөкпулду кимдер ала аларын, кантип өтүнмө берип, балаңыз үчүн төлөмдү кантип тариздесе болорун биле аласыз.
⠀
#АрБирБалаҮчүн #БалаЫрысы by @unicefkg
2
2 months ago
Download
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасында социалдык иш: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр» аттуу республикалык форум өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ана Даутович, социалдык тармактын адистери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Форумда социалдык кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Маанилүү жыйынтык катары БМУнун базасында социалдык кызматкерлердин жана социалдык чөйрө адистеринин квалификациясын жогорулатуу борборун түзүү боюнча ниеттер жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, БМУ жана «Трейдгоф» компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Форум социалдык тармактагы адистердин кесиптик өнүгүүсүнө, тажрыйба алмашууга жана өлкөдөгү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү аянтча болду. by @unicefkg
0
2 days ago
Download
👏🇰🇬 ЮНИСЕФ мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөлөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте Социалдык кызматкерлердин форумуна катышты. Өлкөдөгү социалдык иштин келечегине арналган форум Кыргыз Республикасында Социалдык кызматкердин күнүн утурлай уюштурулду.
⠀
🔹 Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев, ЮНИСЕФтин өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ана Даутович, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана башка өнөктөштөр катышты.
⠀
👉 Форумда сөз сүйлөп, Ана Даутович балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп, бул ишке берилгендиги үчүн социалдык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Даутович тобокелдиктерди эрте мөөнөтүндө аныктоодо, зомбулуктун жана кароосуздуктун алдын алууда, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн зарыл болгон социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылууда соцкызматкерлердин маанилүү ролун баса белгиледи. Талкуу маалында социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө кадрдык дараметти бекемдөө, кесиптик компетенцияларды жогорулатуу маселелери көңүл чордонунда болду.
⠀
📣 Бүгүн ошондой эле К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базасында социалдык кызматкерлер жана социалдык тармактын адистери үчүн Кесипкөй өнүктүрүү борбору түзүлгөнү жарыяланды.
⠀
🤝 ЮНИСЕФ социалдык кызматтардын кадрдык курамын чыңдоодо Министрликке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи.
⠀
💙 Социалдык кызматкерлерге инвестиция жасоо менен биз балдарга, үй-бүлөлөргө жана Кыргызстандын келечегине инвестиция салган болобуз.

📸: @bsu_karasaev by @unicefkg
0
2 days ago
Download
«Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» программасынын алкагында мектебибиздин окуучулары «Кыргызстан жаштардын көзү менен» аттуу форумга катышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен ачык диалогго күбө болушту.

Форумдун жүрүшүндө жаштардын келечеги, коомдук активдүүлүк, лидерлик жана өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу маанилүү маселелер талкууланды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай жолугушуулар жаштардын жарандык активдүүлүгүн арттырып, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган муунду калыптандырууга өбөлгө түзөт. 🇰🇬

Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө! 💙

#КүчтүүЖаштар #Кыргызстан #Жаштар #Лидерлик #ЖарандыкАктивдүүлүк by @unicefkg
18
2 days ago
Download
📣 «Дени сак жашоону тандайм» медиакампаниясынын алкагында даярдалган атайын подкастта психолог Маалаке Кадыраалы өспүрүмдөр менен ата-энелердин ортосундагы байланыш тууралуу маек курду.

👏 Подкасттын толук версиясын ЮНИСЕФтин YouTube баракчасынан көрүңүз.
⠀
🔹 Медиакампания Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин Өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбоорунун алкагында даярдалды.
⠀
#ДениСакЖашоо #МенТандайм #ЖаштарҮнү #UNICEFKyrgyzstan #EUinKyrgyzstan by @unicefkg
6
3 days ago
Download
«Кыргызстан жаштардын көзү менен»: Өспүрүмдөр Эльвира Сурабалдиева менен ачык диалогго чыкты

 «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» программасынын алкагында мектеп медиаклубдарынын мүчөлөрү үчүн «Кыргыстан жаштардын көзү менен» аттуу өзгөчө түз байланыш аянтчасы уюштурулду. Бул иш-чара салттуу расмий жолугушуулардан айырмаланып, өспүрүмдөр негизги каарман катары чыга турган тең укуктуу платформа болуп калды. Диалогго белгилүү кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер, ишкер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты Эльвира Сурабалдиева  жооп берди. 13-17 жаштагы катышуучулар шаардын көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу курч, жүйөлүү суроолорду берип, өз пикирлерин ишенимдүү коргой алышты. Долбоордун максаты — жаштарды пассивдүү угуучудан коомдук иштерге аралашкан жигердүү жаранга айлантуу жана бийлик менен түз байланышты бекемдөө. Ал эми катышуучулар №13, №38, №39, №44, №63, №64, №68 жана №69 мектептеринин медиа борборлорунун катышуучулары катышты. Жолугушу Бишкек шаарынында «Ололо» конференц залында болду.

Жолугушуунун негизинде мектеп медиаборборлору жана улуттук кампаниялар үчүн атайын видеоматериалдар даярдалат.

#EU4KG #unicefkg #АрБирБалаҮчүн #КүчтүүЖа� by @unicefkg
32
4 days ago
Download
“КҮЧТҮҮ ЖАШТАР – КҮЧТҮҮ ӨЛКӨ!” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ӨСПҮРҮМДӨР ҮЧҮН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТҮҮДӨ

Кыргызстандын аймактарында “Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө!” долбоорунун алкагында өспүрүмдөрдүн медиасабаттуулугун, жарандык активдүүлүгүн жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.

2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк кыздар күнүнө карата футболдук турнир жана подкаст уюштурулду. Футболдук турнирге Кыргызстандын спорт чебери Айдана Оторбаева катышып, кыздарды сергек жашоо образын карманууга, спорт менен машыгууга жана өлкөнүн келечегине салым кошууга чакырды.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы сегиз мектептин медиаклубдарынын окуучулары катышты. Ошондой эле мектептерге маалыматтык стенддер тапшырылды.

2026-жылдын 16-сентябрынан 15-декабрына чейин Кыргызстандын аймактарында зомбулукка каршы кампаниялар, футбол жана волейбол турнирлери, квиз-оюндары жана комикстер сынагы сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Демилге Бишкек, Ош, Талас жана Кызыл-Кыя шаарларын, ошондой эле Кочкор, Ат-Башы, Сузак жана Ноокат райондорун камтыйт. Иш-чараларга бул демилгенин алкагында иш алып барган мектептердин медиаклубдарынын окуучулары активдүү катышууда.

Долбоор жалпы билим берүү уюмдарындагы өспүрүмдөрдүн тарбиясын өнүктүрүүгө, алардын медиасабаттуулугун жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, кибербуллингдин жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Жамааттык ЖМКлардын бирлиги тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда. by @unicefkg
6
4 days ago
Download
• Спорт — достуктун жана теңдиктин символу! 🏆

11-октябрда Эл аралык кыздар күнүнө карата спорттук турнир өткөрүлдү. Турнирге ар кайсы мектептердин командалары катышып, өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана командалык духун көрсөтүштү.

Кыздар мелдеште активдүү катышып, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн далилдешти. Бул турнир спортто жыныс эмес, аракет, биримдик жана жеңишке болгон умтулуу маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү! 💪✨

#unicef by @unicefkg
4
4 days ago
Download
Как рассматриваются сообщения о нежелательных реакциях после вакцинации? 

Об этом рассказывает Жылдыз Жумагулова, заведующая отделом фармакологического надзора и рекламы Департамента лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики.

📌 Смотрите видео, чтобы узнать больше о системе мониторинга безопасности вакцин в Кыргызстане.

#Вакцинация #БезопасностьВакцин #Фармаконадзор #МинздравКР #РЦИ by @unicefkg
8
5 days ago
Download
Футбольный турнир среди школьниц, посвящённый Международному женскому дню ⚽️🌷

Медиакоманда 69-й школы. #мектеп #футбол #медиа by @unicefkg
8
5 days ago
Download
Футбол, командный дух и новые возможности для девушек ⚽️
В честь Международного женского дня состоялся футбольный турнир среди школьниц, направленный на поддержку и развитие женского футбола.

Мы пообщались с организаторами мероприятия и Айданой Оторбаевой, чтобы узнать больше об идее турнира и её пути в футболе.

Медиакоманда 69-й школы 🎥 #мектеб#медиакоманда by @unicefkg
15
5 days ago
Download

Download All

Save the photos and videos currently loaded on this page.

0Photos
0Videos
Ready to download 0 / 0

Keep this tab open until your download is ready.

back to up