Instagram story viewer> @minstroy.kg> Posts
64K
followers
34
following
🔹КРнын Курулуш министрлиги
🔹Министерство строительства КР
_______________________________
POSTS STORIES REELS TAGGED
🇰🇬Садыр Жапаров: Мурда бир объектинин ачылышы улуттук деңгээлдеги чоң окуя болсо, бүгүн курулуштун ыргагы ушунчалык жогору болгондуктан, ар бир ачылышка катышууга физикалык мүмкүнчүлүк жетпей, үлгүрө албай жатабыз… by @minstroy.kg
94
8 months ago
Download
📌 “Манас” эл аралык аэропорту: арка куруу үчүн инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун кире беришиндеги арка куруу үчүн бөлүнгөн тилкеде инженердик-изилдөө иштерин жүргүздү.

Изилдөө иштеринин жүрүшүндө адистер 10 метрге чейинки тереңдикте скважиналарды бургулоо, ошондой эле топурактын курамын жана өзгөчөлүктөрүн аныктоо, курулуш шарттарын баалоо максатында динамикалык зонддоо иштерин аткарды.

Алынган топурак үлгүлөрү Инженердик изилдөөлөр департаментинин лабораториясына жөнөтүлүп, анда топурактын физикалык-механикалык көрсөткүчтөрүн жана касиеттерин аныктоо үчүн тиешелүү сыноолор жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, инженердик изилдөөлөр курулушка даярдык көрүүнүн милдеттүү баскычы болуп саналат. Анын жыйынтыктары келечектеги курулманын коопсуздугун, бекемдигин жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган долбоордук чечимдерди кабыл алууга негиз болот. by @minstroy.kg
5
a day ago
Download
📌 Балыкчыда подрядчы уюмдар тротуарлардагы кемчиликтерди өз эсебинен жоюуда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Балыкчы шаарындагы тротуарларды реконструкциялоо иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүүдө.

Буга чейин Абдрахманов, Кулакунов жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо иштеринен кемчиликтер аныкталып, алар үчүн “Капитал Консалтинг Компани” жана “4 Энерджи” ЖЧКлары административдик жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди өз каражаттарынын эсебинен жоюу талабы коюлган.

Бүгүнкү күндө подряддык уюмдар тарабынан Кулакунов жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү кемчиликтер жоюлду. Ал эми Абдрахманов көчөсүндө асфальт төшөлүүчү негиз тазаланып, битум эмульсиясы колдонулууда. Андан соң курулуш ченемдерине ылайык, калыңдыгы 4 сантиметр болгон асфальт-бетон катмары төшөлүүдө.

Аткарылып жаткан иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин сакталышы Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын адистери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. by @minstroy.kg
40
a day ago
Download
📌Ош шаарындагы 1200 орундуу  Салижан Жигитов мектебинин курулушу аяктап калды

Кырыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
 
Архитектуралык долбоор боюнча жаңы мектептин жалпы аянты 13610 чарчы метрди түзгөн, төрт кабаттан турат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн зар болгон бардык шарттар түзүлөт. Алсак атайын предметтик окуу класстар, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралып, заманбап жабдуулар менен камсыздалат. 

Курулуш иштер үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталып, объекттин башкы подрядчысы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.  Бүгүнкү күндө объектте 90 пайыздык жумуш аткарылды. 

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 3000ге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

*******

📌 В городе Ош строительство школы имени Салижана Жигитова на 1 200 мест близится к завершению

По поручению Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в городе Ош ведётся строительство школы имени Салижана Жигитова на 1 200 мест. Проект финансируется из республиканского бюджета и реализуется Министерством строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики.

Согласно архитектурному проекту, общая площадь четырёхэтажного здания составляет 13 610 квадратных метров. В школе предусмотрены все необходимые условия для получения качественного образования: специализированные учебные кабинеты, лаборатория, библиотека, столовая, медицинский кабинет, компьютерный класс, актовый и спортивный залы. Помещения будут оснащены современным оборудованием.

Строительство началось в апреле текущего года. Генеральным подрядчиком выступает государственное предприятие «Кыргызкурулуш». На данный момент выполнено 90% строительных работ.

После ввода школы в эксплуатацию будут созданы условия для обучения около 3 000 учащихся в две смены. by @minstroy.kg
24
a day ago
Download
📌 Талас: Курулуш объектилериндеги санитардык абал боюнча көзөмөл жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилеринин санитардык абалы, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында Талас шаарынын К.Нуржанов көчөсүндө жайгашкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 5 кабаттуу жатаканасынын курулуш иштеринде санитардык абал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, “Залкар Биримдик” ЖЧКсына карата бир катар эскертүүлөр берилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуу пункттары жана алардын иштөөсү, убактылуу кирүү жолдорунун талапка ылайык уюштурулушу, ошондой эле топурак жана курулуш материалдарынын жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгарбоо боюнча белгиленген талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектилериндеги шаар куруу мыйзамдарынын жана белгиленген талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди улантат. by @minstroy.kg
13
a day ago
Download
📌Жалал-Абад: Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында заманбап үлгүдөгү 225 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Объекттин жалпы наркы 149 миллион сомду түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 1 650 чарчы метрди түзгөн мектеп окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалды. 

Имаратта негизги предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залы каралган.

Мектептин курулушу 2025-жылдын январь айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даярдалууда.

******

📌 Джалал-Абад: В селе Катар-Жангак построена новая школа на 225 мест

В селе Катар-Жангак Базар-Коргонского района Джалал-Абадской области построена новая современная школа на 225 мест. Проект профинансирован из республиканского бюджета и реализован Министерством строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики. Общая стоимость объекта составляет 149 млн сомов.

Согласно архитектурному проекту, школа представляет собой двухэтажное здание, состоящее из двух блоков. Общая площадь составляет 1 650 квадратных метров. В школе созданы необходимые условия для получения качественного образования.

В здании предусмотрены учебные кабинеты по основным предметам, лаборатория, библиотека, столовая, компьютерный класс, медицинский кабинет, актовый и спортивный залы.

Строительство школы началось в январе 2025 года. В настоящее время все строительные работы завершены, объект готовится к вводу в эксплуатацию. by @minstroy.kg
18
2 days ago
Download
📌Чүй облустук ооруканасынын эски имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери борбор калаадагы  Э. Х. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасынын эски имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү.

Текшерүү Саратов көчөсү 10 дарегинде жайгашкан облустук оорукананын  аймагындагы 1950–1957-жылдары курулган дарыкана, чарбалык буюмдар сакталуучу кампалар жана азык-түлүк сактоочу имараттарды бузуу иштерине байланыштуу жүргүзүлдү.

Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү өлчөөлөрдү алып, имараттардын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүздү.

Жыйынтыгында институт тарабынан имараттардын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу же бузуу маселеси боюнча тиешелүү сунуштар берилет. by @minstroy.kg
9
2 days ago
Download
📌 Получение сертификата соответствия на ввозимую продукцию теперь доступно онлайн — от подачи заявки до получения результата

Оформить сертификат соответствия теперь можно полностью онлайн — от подачи заявки до получения готового документа.

Для этого необходимо перейти на официальный сайт rcss.bb.kg. На сайте размещены необходимые сведения и видеоинструкции по сертификации различных видов продукции.

По всем дополнительные вопросам, обратитесь по телефону: +996 770 555 911. by @minstroy.kg
21
2 days ago
Download
📌 Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуштун” үлүш ээлери менен жолукту

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” турак жай комплексинде үлүш ээлери менен жолугушту.

Жолугушууда министр курулуштун жүрүшү, батирлердин наркы тууралуу маалымат берип, объектти 1,5-2 жылда толук бүткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, эки жума мурун объектте 100–150 жумушчу иштеп жатса, бүгүнкү күндө алардын саны 230дан ашты. Учурда бардык блоктордо курулуш жүрүп, иштердин сапаты жана ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө.

Жолугушууда батирлердин чарчы метринин баасы боюнча да түшүндүрмө берилди. 

“Мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык чыгымдарды эсептегенде баа 1000 доллардан да ашып кетмек. Биз аны мүмкүн болушунча минималдуу деңгээлде кармоого аракет кылдык. Сатыла элек блоктордун бирин сатыкка коюп, түшкөн каражатты курулушка багыттоо жагы да каралды. 920 доллар - бул курулуштун өздүк наркы гана. Бул жерде эч кимдин пайда табуу максаты жок. Негизги максат - токтоп калган курулушту бүткөрүп, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү”, - деди Нурдан Орунтаев.

Министр банкроттук абалга келген компаниянын токтоп калган курулушун кайра жандандырып, толук бүткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле үлүш ээлеринин буга чейин төлөгөн каражаттары кайра эсептелип, ар бир келишим өзүнчө караларын айтты. Калган төлөмдүн суммасы аныкталгандан кийин, ал үч жылга бөлүштүрүлөт. Бул шарттар учурдагы үлүш ээлерине гана тиешелүү болуп, жаңы батир сатып алууну каалагандар үчүн турак жайлар базар баасында сунушталат.

Жолугушуу үлүш ээлери тарабынан берилген суроолор менен коштолду.

Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу аракеттери 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик реестрге катталган. by @minstroy.kg
86
2 days ago
Download
📌 “Дөөлөт курулуш”: Нурдан Орунтаев курулуш жана батир баасы тууралуу айтты

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” турак жай комплексинде үлүш ээлери менен жолугушту.

Жолугушууда министр курулуштун жүрүшү, батирлердин наркы тууралуу маалымат берип, объектти 1,5-2 жылда толук бүткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, эки жума мурун объектте 100–150 жумушчу иштеп жатса, бүгүнкү күндө алардын саны 230дан ашты. Учурда бардык блоктордо курулуш жүрүп, иштердин сапаты жана ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө.

Жолугушууда батирлердин чарчы метринин баасы боюнча да түшүндүрмө берилди. 

“Мурдагы 750 долларлык баа менен токтоп калган курулушту аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Бардык чыгымдарды эсептегенде баа 1000 доллардан да ашып кетмек. Биз аны мүмкүн болушунча минималдуу деңгээлде кармоого аракет кылдык. Сатыла элек блоктордун бирин сатыкка коюп, түшкөн каражатты курулушка багыттоо жагы да каралды. 920 доллар - бул курулуштун өздүк наркы гана. Бул жерде эч кимдин пайда табуу максаты жок. Негизги максат - токтоп калган курулушту бүткөрүп, үлүш ээлерин батирлерине киргизүү”, - деди Нурдан Орунтаев.

Министр банкроттук абалга келген компаниянын токтоп калган курулушун кайра жандандырып, толук бүткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле үлүш ээлеринин буга чейин төлөгөн каражаттары кайра эсептелип, ар бир келишим өзүнчө караларын айтты. Калган төлөмдүн суммасы аныкталгандан кийин, ал үч жылга бөлүштүрүлөт. Бул шарттар учурдагы үлүш ээлерине гана тиешелүү болуп, жаңы батир сатып алууну каалагандар үчүн турак жайлар базар баасында сунушталат.

Жолугушуу үлүш ээлери тарабынан берилген суроолор менен коштолду.

Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу аракеттери 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик реестрге катталган. by @minstroy.kg
307
2 days ago
Download
📌 Чүй: Курулушка уруксат берүүчү документи жок компанияга чара көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин алкагында Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда жайгашкан көп функционалдуу май куюучу жайдын курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө объекттин курулушу тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталды. 

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүлүп, аларды жоюу тууралуу көрсөтмө берилди. Ошондой эле “Альфа Ойл” ЖЧКсына 213 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилериндеги шаар куруу мыйзамдарынын жана белгиленген талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да системалуу түрдө улантылат. by @minstroy.kg
14
2 days ago
Download
📌Манас: Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 166 миллион сомду түздү.

Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынып, аткарылган иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин сакталышы текшерилди.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имаратта заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан.

Мектептин курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.

*******

📌Манас: В селе Домор построена современная школа на 275 мест

В селе Домор города Манас построена современная школа, рассчитанная на 275 учащихся. Проект профинансирован из республиканского бюджета, общая стоимость объекта составила 166 миллионов сомов.

Контроль за строительством осуществлял Департамент жилищно-гражданского строительства при Министерстве строительства Кыргызской Республики. Специалисты проверяли качество выполненных работ и соблюдение строительных норм.

Согласно архитектурному проекту, общая площадь двухэтажного здания составляет 2 980 квадратных метров. В школе предусмотрены современные учебные классы, лаборатория, библиотека, столовая, актовый зал, компьютерный класс и спортивный зал, оборудованный всем необходимым.
 
Строительство школы началось в апреле 2025 года. В настоящее время работы полностью завершены, ввод объекта в эксплуатацию планируется в ближайшие дни. by @minstroy.kg
21
2 days ago
Download

Download All

Save the photos and videos currently loaded on this page.

0Photos
0Videos
Ready to download 0 / 0

Keep this tab open until your download is ready.

back to up