Instagram story viewer> @minstroy.kg> Tagged
64K
followers
34
following
🔹КРнын Курулуш министрлиги
🔹Министерство строительства КР
_______________________________
POSTS STORIES REELS TAGGED
Достук айылында кубанычтуу кабар!

Айыл тургундарын кубандырган жагымдуу жаңылык! Жакында Бишкек шаарындагы Достук айылынын балдары жаңы, заманбап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат! 
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын февраль айында башталган 750 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери учурда соңуна чыгып калды.
Жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу билим уясында окуучулар үчүн бардык шарттар каралган.
Жарык жана кенен класстар, заманбап лабораториялар, китепкана, спорт жана жыйындар залдары, ошондой эле ашкана - баары окуучулардын ыңгайлуулугу үчүн даярдалган.
Мындан тышкары, имаратка күн панели да орнотулган.
Учурда акыркы даярдыктар жүрүүдө.
23
Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан «Гранд Сити» турак жай комплексинин аймагында тургундар пайдаланып келген жерди тиешелүү документтери жок эле ээлеп алуу аракеттери болуп жатат. Бул жерди ким, кандай негизде жана кимдин уруксаты менен ээлеп жатканы белгисиз.

Урматтуу @meria_bishkek, @minstroy.kg @oruntaevnurdan 
Бул маселеге көңүл буруп коюуңузду өтүнөбүз.
#ГрандСити #Бишкек #Мыйзамдуулук #ТургундардынУкугу #ЖерМаселеси
56
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу башталды
22
Кара-Жыгачта кубанычтуу кабар! Жаңы мектеп корпусу ачылуу алдында

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушу аяктоо алдында турат.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуп жаткан үч кабаттуу имаратта окуучулар үчүн бардык шарттар каралган.
Жаңы корпуста заманбап окуу класстары, компьютердик жана илимий лабораториялар, китепкана, ашкана, спорт жана жыйындар залдары жайгашат.
Эске салсак, курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда имараттын ички жана сырткы жасалгалоо, ошондой эле айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөттө жалпысынан 2 миңге жакын окуучу билим ала алат.
18
back to up